Биз социалдык тармакта

Ханыша Елизавета II'нин кызы апасынын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө жанында болгонун эскерди

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин кызы Анна апасынын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө аны менен чогуу болгонуна ыраазы экенин падышалык үй-бүлөнүн Инстаграм баракчасына жазган.

"Кымбаттуу апамдын акыркы 24 саатында жанында болгонума ыраазымын. Апамды акыркы сапарга узатуу мага урмат жана сыймык болду", - деген ал.

Ошондой эле ал падышалык үй-бүлөнүн аза-кайгысын тең бөлүшүп жаткан бардык жарандарга ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, ханышанын табыты Вестминстер сарайында падышалык кароолчулардын кайтаруусунда турат. Кароолчулар күнү-түнү нөөмөт менен кайтарышууда.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болгон. Анын сөөгү 13-сентябрда Лондонго алып келинди. Ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан