Ооганстан Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды чечүү үчүн сүйлөшүүгө чакырды. Мындай билдирүүнү Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылынын расмий өкүлү Абдул Кахар Балхи социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ооганстан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арадагы кагылышууларды өтө кооптуу сигнал катары баалайт. Биз тараптарды чек ара чатагын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана өз ара түшүнүшүүгө чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 163 адам жабыркап, 59 адам каза болгонун билдирди.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.