“Унааларды өрттөп, полицияга кол салып…”. Иранда массалык нааразычылыктар басылбай жатат

Иранда туура эмес хиджаб кийгени үчүн кармалган кыздын өлүмүнөн кийин башталган нааразычылык акциялары токтобой жатат. Митингдер өлкөнүн дээрлик бардык шаарларында өтүп жатат. Анын видеолору соцаилдык тармактарга жарыяланууда.

Демонстранттар Тегерандын бардык көчөлөрүн басып алып, унааларды өрттөп, полицияга кол салышууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, күч түзүмдөрү шаарды көзөмөлдөй албай калган.

Эске салсак, 22 жаштагы Махса Аминин өлүмү Иранда нааразычылык толкунун жараткан.

Жергиликтүү аялдар чачтарын кыркып, хиджабдарын өрттөшүүдө.

Жергиликтүү басылмалар нааразычылык акцияларында беш демонстрант каза болгонун жазышты. Кийинчерээк каза болгондордун саны 26га жеткени кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2022-09-25 09:25:00
Кудаай өзүң сакта. Эмне эле болуп атат дүйнө эли.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан