Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды алты жылга эркинен ажыратылды

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал сот тарабынан күнөөлүү деп табылып 6 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ошондой эле сот аны 10 жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматта жана улуттук компанияларда иштөө укугунан ажыраткан.

Кайрат Сатыбалды Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана "Казактелекомдун" өзгөчө ири өлчөмдөгү акчасын уурдаган деген шек менен 13-мартта кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан