Орусия Донецктеги Лиман шаарын Украинага алдырганын жарыялады

Орусиянын аскерлери Донецктеги Лиман шаарын көзөмөлдөөсүн жоготту. Мындай маалымат Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

"Курчап калуу коркунучунун жаралышына байланыштуу союздаштардын аскерлери Красный Лиман конушунан алда канча пайдалуу тилкелерге чыгарылды", - деп билдирүү жасады Орусиянын Коргоо министрлиги.

Буга чейин Украинанын Куралдуу өкүлү Сергей Череватый украин армиясы Лиман шаарынын жанында экенин жана ал жакта салгылашуу жүрүп жатканын билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги мындай маалыматты жарыялары менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Лимандын жоголушуна генерал-полковник Александр Лапинди күнөөлөдү.

"Лапиндин мындай кызматта турганы, штабдагы жетекчилер жогору жакта аны жаап жүргөнү уят. Эгерде менин колумда болсо, Лапинди катардагы жоокерге түшүрүп, сыйлыктарынан ажыратып, уятын жууш үчүн колуна автомат карматып фронтко жөнөтмөкмүн", - деген Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан