Өзбекстандын президентинин тун кызы Саида Мирзийоева Самаркандга баргандан кийинки сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Сүрөттө анын апасы, президенттин жубайы Зироат Мирзийоева, сиңдиси Шахноза Умарова, иниси Миралишер Мирзийоев, күйөөсү Ойбек Турсунов жана алардын балдары тартылган.
"Самарканд мен үчүн өзгөчө шаар. Анын сыйкырдуу аурасында мен жаштыгымдын жылдарын өткөрдүм. Мен бул жакка кайтып келгенди жакшы көрөм, бул шаар мага жагат. Бул жерде заманбап таланттар өз өнөрлөрүн толук ачып бере алышты. Шаар өлкөбүзгө конокторду тартуунун жаңы жери", - деп жазды ал.