Орусияда түз эфирде согушка каршы плакат көтөрүп чыккан Марина Овсянниковага издөө жарыяланды

Орусиянын Ички иштер министрлиги "Биринчи каналдын" экс-редактору Марина Овсянникованы федералдык издөөгө алды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

1-октябрда Овсянникованын мурдагы күйөөсү үй камагындагы экс-редактор качып кеткенин айткан. Мындай баш коргоо чарасы Овсянниковага Кремлдин алдындагы согушка каршы пикетке катышканы үчүн киргизилген. Август айында укук коргоо органдары ага орус армиясы тууралуу жалган маалыматтарды таратканы үчүн иш козгогон. Игорь Овсянников билдиргендей, анын мурдагы аялы 11 жаштагы кызы менен белгисиз тарапка качып кеткен.

14-март күнү кечинде Орусиянын "Биринчи каналы" түз эфирде жаңылык көрсөтүп жаткан маалда Марина Овсянникова согушту токтотууга чакырган плакат менен кирип келген.

Марина Овсянниковага түз эфир учурунда "Согушту токтоткула, бул жерде калп айтып жатышат" деген плакат менен чыкканы үчүн 30 миң рубль өлчөмүндө айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан