Украинанын президенти Володимир Зеленський Орусиянын Крымдын, Донецк жана Луганск аймактарынын, Запорожье жана Херсон облустарынын көз карандысыздыгын тааныган актыларды тааныбоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жарлыкта Орусия муну менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузганы айтылат.
Зеленськийдин жарлыгы Путин референдумдагы элдин эркин эске алуу менен Крымдын, Донецктин, Лугансктын, Запорожье жана Херсон облустарынын эгемендигин жана көз карандысыздыгын тааныган беш орус документине шилтеме жасалды. Тагыраагы:
Орусия президентинин 2014-жылдын 17-мартындагы №147 "Крымды таануу жөнүндө" жарлыгы;
Орусия президентинин 2022-жылдын 21-февралындагы №71 "Донецк Эл Республикасын таануу жөнүндө" жарлыгы;
Орусия президентинин 2022-жылдын 21-февралындагы №72 "Луганск Эл Республикасын таануу жөнүндө" жарлыгы;
Орусия президентинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы №685 "Запорожье областын таануу жөнүндө" жарлыгы;
Орусия президентинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы №686 "Херсон облусун таануу жөнүндө" жарлыгы.