Өзбек президенти Путинди жогорку даражадагы "Дустлик" ордени менен сыйлады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путинди эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле 70 жылдык мааракесине байланыштуу жогорку даражадагы "Дустлик" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Телеграм каналына жарыялады.

"Сыйлык эки өлкө элинин ортосундагы салттуу достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор жеке салымы үчүн, ошондой эле Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу (7-октябрь) ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Жогорку даражадагы “Дустлик” ордени 2020-жылы негизделген жана жогорку мамлекеттик сыйлык болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан