Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко коңшу Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду КМШдагы эң маанилүү адам деп атады. Бул тууралуу Лукашенко Тажикстанга жасаган иш сапары учурунда билдирди.
Жолугушууда Лукашенко Рахмон экөө он жылдан ашык убакыттан бери чогуу иштешип келгенин белгилеп, аксакал болуп калганын кошумчалады. Ал эми Рахмонго кайрылып, аны КМШдагы эң маанилүү адам деп атады.
"Сиз азыр КМШдагы эң негизги адамсыз. Муну баарыбыз тааныйбыз. Мен дал ошол жерде, сиздин жаныңыздамын", - деген Лукашенко.