Улуу Британиянын жаңы падышасы Чарльз III таажыны өлкөдө аза күтүү аяктаган соң алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Букингем сарайына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Андагы маалыматка таяна турган болсок, падышаны расмий түрдө такка отургузуу салтанаты 6-майда Вестминстер аббаттыгында өтөт.
"Учурда Чарльз III'түн сүрөтү түшүрүлгөн тыйындар чыгырылды. Бирок бийликти толугу менен өз колуна алып, падышалык таажыны алуу үчүн расмий салтанатты күтүшү керек", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Улуу Британияны дээрлик 70 жыл башкарган ханыша Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болгон.