Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке ат салыша турган талапкерлердин арызын кабыл алууну жыйынтыктады. Бул тууралуу аталган комиссиянын катчысы Мухтар Ерман жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Маалыматта айтылгандай, Борбордук шайлоо комиссиясына жалпысынан 12 талапкерден арыз түштү.
"Республикалык жана коомдук бирикмелерден 12 талапкер президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз беришти. Арыздарды кабыл алуу 23-сентябрда башталып, 11-октябрда саат 18:00дө жыйынтыкталды. Талапкерлердин арызынын мыйзамга ылайык келүүсү жакынкы күндөрү каралат", - деген ал.
Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлердин арасында учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев дагы бар.
Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген.