Токаев менен Эрдоган кайрадан стол теннисин ойношту (фото)

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кайрадан стол теннисин ойношту. Мамлекет башчыларынын биргелешкен оюнунун сүрөттөрү Казакстандын президентинин социалдык тармактагы баракчасында пайда болду.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев 13 жыл Казакстандын стол тенниси федерациясынын президенти болгон. Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы спорттун бул түрүнүн чоң күйөрманы экенин билдирип келет.

Ушул жылдын май айында Токаевдин Түркияга болгон иш сапарында дагы эки өлкө президенттери стол теннисин ойношкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан