Индия чыгарган дарыдан Гамбия өлкөсүндөгү 69 бала каза болду

Индияда өндүрүлгөн жөтөлгө каршы сироп Гамбия өлкөсүндө 69 баланын өлүмүнө себеп болгон деген шек менен заводдун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматта айтылгандай, Индия бийлиги Maiden Pharmaceuticals заводунун ишин токтотту. Харьяна штатынын ички иштер министри Анил Видж аталган заводду бир айда 4 жолу текшерип, анын натыйжасында 12 мыйзам бузууну аныкташканын маалымдаган.

"Maiden Pharma продукциясын өлкө ичинде сатат. Ошондой эле Азия, Африка, Латын Американын шаарларына экспорттоп келген. Компаниянын дагы 2 ишканасы бар.

Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Maiden Pharma компаниясы өндүргөн жөтөлгө жана суук тийүүгө каршы сироп Гамбия өлкөсүндө балдардын өлүмүнө алып келгенин маалымдады. Анда лабораториялык анализ аталган сиропто бөйрөккө оор зыян берүүчү, өмүргө кооптуу болгон заттар бар экенин көрсөткөн.

Ал эми аталган фармацевтикалык компаниянын директору бардык айыптарды четке каккан. Учурда тиешлүү тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан