Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дүйнөлүк коопсуздук системасы жаңыланууга муктаж экенин айтты.
"Биз глобалдык коопсуздук архитектурасы жаңы түшүнүккө негизделип, адилеттүү жана тең укуктуу болушу керек деп эсептейбиз" деп баса белгилеген ал.
Ошондой эле ал Түркия өлкөсү заманбап дүйнө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бештен ашык туруктуу мүчөсү менен эле чектелбей тургандыгын айтып келе жатканын кошумчалаган.
Түрк лидери ошондой эле Анкара Украинадагы жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактай турганын жана тараптар ортосунда жарашууга жетишүү аракеттерин улантуу ниетин билдирген.
Анын айтымында, аймактык жана дүйнөлүк масштабдагы согуштук аракеттердин кесепеттерин азыр бардык өлкөлөр башынан өткөрүп жатат.