Лукашенко: "Батыштын учурдагы аракеттери үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн"

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Батыштын башка өлкөлөрдө төңкөрүштөрдү уюштуруу практикасы жана санкциялары үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келүү коркунучун жаратып жатканын Астанада өтүп жаткан саммитте билдирди.

Ал Батыш 1991-жылы СССР кулагандан кийин дүйнөдөгү стабилдүүлүктүн кепилдиги функциясын аткара алган жок деп баса белгилеген.

Лукашенко ошондой эле Беларусь өлкөсү өзөктүк куралдан баш тартуу менен республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча Батыштын чексиз аракеттерине дуушар болгонун кошумчалады.

"Беларусь постсоветтик мейкиндикте өз ыктыяры менен өзөктүк куралга ээлик кылуудан баш тарткан өлкөлөрдүн бири болгон. Анын ордуна эмне алдык? Чыныгы эл аралык укуктук кепилдиктердин ордуна Будапешт меморандуму сыяктуу куру, колдоого алынбаган декларацияларды, өлкөдө кырдаалды туруксуздаштырууга болгон чексиз аракеттерди гана алдык", - деген Александр Лукашенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан