Садыр Жапаров менен Владимир Путин Астанадагы саммитке өздөрү суу ала барышкан

Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин Астанадагы саммитке өздөрү суу алып барышкан. Муну саммитке катышкан жергиликтүү журналисттер байкашкан.

Акордонун басма сөз кызматы тараткан сүрөттөргө караганда, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге катышкан өлкөлөрдүн дээрлик бардык лидерлерине TURAN суусу берилген.

Бирок Орусия президентинин столунун үстүнөн Францияда өндүрүлгөн Evian суусу байкалса, өлкө башчы Садыр Жапаровдун столунун үстүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн "Тянь-Шань Легендасы" суусу турган.

АӨСШК – 1992-жылы Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн мамлекеттер аралык форум, анын ишмердүүлүгү диалог үчүн шарттарды түзүүгө, Азиядагы коопсуздукту камсыздоо жаатында чечимдерди кабыл алууга жана чараларды ишке ашырууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан