Бүгүн өзгөчө үндүн ээси, ырчы Каныкей 35 жашка толду.
Каныкей Алымбекова 1987-жылы Токмок шаарында туулуп, ошол эле жактагы №9 мектепти аяктаган. Ыр дүйнөсүнө 2005-жылы "Поющий город" сынагына катышкандан кийин аралашып, 2006-жылдан баштап "Каныкей" продюсердик долбоорун түзүп, иштей баштаган. Ырчы 2014-жылы турмушка чыккан. Бир уул, бир кызды тарбиялап келет.
Ырчынын репертуарындагы популярдуу ырлары – "Носонтэ", "Жүрөк сыздайт", "Коё бергин мени кайгы", "Сарала", "Кара чаң", "Жүрөк сыздайт", "Адаштым", "Көпөлөк", "Садагам", "Куурчак" ж.б.
"Фотоальбом" рубрикасынын алкагында ырчынын бала кезинен азыркы учуруна чейинки сүрөттөрүн сунуштайбыз.

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген кызыктуу маектеринен үзүндүлөр:
- Эч ким “качан, качан?” деп түрткүлөгөн жок. Негизи күйөөгө тийбей эле коёюн деп ойлогом. Анткени үй-бүлө куруу оор экенин билчүмүн. Бир күнү бирөө “Каныкей, сен таланттуу адамсың, анан кантип төрөбөй коёсуң? Өзүңдөй таланттуу балдар өсүшү керек” деди. Ошондо гана мээме “тык” этти. Ойлорум өзгөрүп, артымдан жакшы инсандарды калтырууну, үй-бүлө курууну ойлой баштадым. Башында, албетте оор болот. Бир үй-бүлөнү экинчи үй-бүлөгө салыштырбаш керек. “Ай, тиги жакшы эле жашап кетти го, сен да ошого окшоп жаша да” деп айта беришет. Бул туура эмес. Ар бир үй-бүлөнүн өз жолу, багыты бар.
- Сүйүүнү биз дайыма эки адамдын ортосундагы жактыруу сезим деп ойлой беребиз. Менин жашоомдогу эң чоң сүйүүм – балдарым. Мен эч качан башка адамды балдарымды сүйгөндөй сүйө албасам керек. Аларды жыттап, бетинен өпкүм эле келе берет. Бул сүйүүмө алардын жооп кайтарышын да күтпөйм.

- Мен бардык шарты бар көп кабаттуу батирде чоңойгом. Бала кезде суу эч качан түгөнбөйт деп ойлочумун. Чоңдор “суунун ченеми болот, аяш керек. Суу кордогон кор болот, суу сыйлаган зор болот” дешчү. Турмушка чыккандан кийин жолдошумдун жер үйүндө жашадым. Биз жашаган аймакта канализация жок. Сууну үнөмдөйбүз. Мен муну трагедия кылбайм. Сууну үнөмдөш үчүн кирди колго жууп коём. Болбосо менде кир жуучу машина деле бар. Болгону сууга аяр мамиле жасап калдым.
- Ден соолугума байланыштуу операция болгом. Наркоздо жатканда аппак жерге туш келдим. “Болду, жашоом бүттүбү, өлдүмбү?” десем, башкача бир үн “жок, сенин жолуң эми гана башталып жатат” деп чекемден түртүп салды. Артка кулап баратканда эсиме келип, көзүмдү ачсам палатада жатыптырмын. Ошол сөз мага аян болду деп эсептейм. Андыктан жашоом эми гана башталып жаткандай. Ошондон кийин арыктап, өзүмө келе баштадым окшойт.
-
- Учурда өзүм менен гармонияда жашап жаткандай сезилет. Мурда шашма болчумун, шашпай жашаганды үйрөндүм. Чындык үчүн чыркырай берчүмүн. Азыр бардык нерсеге түшүнүү менен караганга аракет кылып калдым. Буюрса, дагы далай өзгөрүшүм мүмкүн.