Ирандын Тегеран шаарында саясий туткундар жана өкмөткө каршы чыккан активисттер кармалып турган Ирандагы эң чоң "Эвин" түрмөсүндө катуу өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Эвин" түрмөсүндөгү катуу өрттүн сүрөттөрү жарыяланды. Жергиликтүү тургундар акыркы 20 мүнөттүн ичинде өрт чыккан жерден кеминде төрт жарылуу болгонун кабарлашты", - деп билдирди Ирандын IRNA агенттиги.
Өрт абактагы тигүү бөлүмүндө абактагылар менен абак кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалдан улам чыккан. Абактагылар түрмөнүн кийимдери менен кампаны өрттөшкөн. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, түрмө жетекчилигинин ыкчам аракеттеринин аркасында өрт өчүрүлүп, баш аламандык көзөмөлгө алынган. Өрттүн кесепетинен сегиз адам жабыркады, каза болгондор жок.
Эвин түрмөсү 1972-жылы ачылган. 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин ал саясий туткундарды кармоо үчүн активдүү колдонула баштаган.