Жети миллионунчу кыргыздын ысымын өлкө башчы Садыр Жапаров койду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
"Жыйынды жакшы жаңылык менен баштасак. Мына бүгүн кыргыз эли 7 миллионго жетти. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Жакшылык аттуу уулубуз жарык дүйнөгө келди. Жети миллионунчу кыргыздын уулунун атын президент Садыр Нургожоевич Жакшылык деп жакшы ниет менен коюптур. Биз дагы бардык жакшылыктарды каалайбыз", - деди Шакиев.