Жети миллионунчу жаранды 40 жаштагы Айжаркын Сыраждинова жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жети миллионунчу жаранды 19-октярбь күнү саат 02:10до 40 жаштагы Айжаркын Сыраждинова жарык дүйнөгө алып келген. Салмагы 3 900 грамм, боюнун узундугу 54 сантиметр уул бала фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Ал үй-бүлөдө төртүнчү наристе.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчынын ымыркайга Жакшылык деген ысым ыйгарылганы айтылган.