Миллионду толуктаган Кыргыз жарандарына коюлган ысымдар (тизме)

Бүгүн, 19-октябрда Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү. Ымыркайды Баткен облусунун 40 жаштагы тургуну Айжаркын Сыраждинова жарык дүйнөгө алып келген. Өлкө башчы Садыр Жапаров наристеге Жакшылык деген ысым ыйгарды.

Улуттук статистика комитети өлкөдө миллионду толуктаган Кыргыз жарандарынын тизмесин жарыялады. Ага ылайык:

  • Жети миллионунчу тургун Жакшылык 2022-жылы 19-октябрда Баткен облусунда;
  • Алты миллионунчу тургун Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында;
  • Беш миллионунчу тургун Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда Бишкек шаарында;
  • Төрт миллионунчу тургун Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Миллионунчу болуп төрөлгөн жарандардын ортосундагы айырма:

  • Жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу - 7 жыл;
  • алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу - 13 жыл;
  • беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу - 17 жылды түздү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан