Мен көргөн бир күн: Агасын өлтүргөн адам менен сырдашып...

SUPER.KG порталы кесип ээлеринин жумуш учурунда башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин күнүнө карата өзүнүн кызыктуу окуяларын Ала-Бука РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөтчүнүн жардамчысы, милициянын ага сержанты Элмырза Атамырзаев баяндап берди.

Элмырза Атамырзаев Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айыл аймагында 1990-жылы 25-январда жарык дүйнөгө келген. Учурда Ала-Бука РИИБинде нөөмөтчүнүн жардамчысы болуп эмгектенет. Мындан тышкары спорттун: кыргыз күрөшү, самбо, эрежесиз эр уруш боюнча республикалык, облустук мелдештерге катышып келет. Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.

Элмырза Атамырзаев кызмат учурунда башынан өткөргөн окуяларын төмөндөгүдөй баяндады.

Бактыга жараша, каза болду деген жаран аман калган

2020-жылы нөөмөттө тургам. 112 кызматына Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын Сырт деген жерде бир жаран каза болуп, бирөөсү тирүү экен деген маалымат келип түштү. Тергөө-ыкчам тобун унаама салып, окуя болгон жерге жөнөдүк. Жерине түнкү саат 12 чамасында жеттик. Барсак ӨКМ, "Тез жардам" кызматы дагы барып калыптыр. Бизге кайрылган жарандын жакындары дагы издеп жүрүптүр. Өзүлөрү кайсы даректе жүргөнүн дагы билишпейт. Ошентип 15тей адам аларды издеп жатып таптык.

Окуя мындай болгон экен.

Эки тургун lavo үлгүсүндөгү унаага уй жүктөп барышкан экен. Ал жактан спирт ичимдигин ичишет. Кайтып келе жатып бош кетпейли деп унаага тезек салып алышат. Караңгыда адашып кетип, жолду таппай калышат. Тоо тарапта болгондуктан бир тарабы сай болуп ал жакка түшүп кетишкен. Унаа кырсыкка учурап, бирөө анын алдында калып, экинчиси унаадан чыкканга жетишип калган.

Бактыга жараша, унаанын алдында калган адам тирүү экен. Аны жанындагы шериги досун чыгара албай же унааны жылдыра албай анан жакындарына, "Тез жардамга" жана 112'ге чалыптыр. Ал тургунду чыгардык. Жеңил (бети-башы сыйрылып, колу сынган) жаракат алган. Бизди көрүп, кубанып "Кудайга шүгүр, силер келбесеңер өлүп калмак экем" деп бизге ыраазычылык билдирген. Капталдагы унааны ордуна тургузсак ал нейтралдуу абалда экен, кармагыла дегиче болбой сайды көздөй ала салып кетти. Ал жаранды "Тез жардамга" өткөрүп берип, куткарып калганбыз.

Агасын өлтүргөн адам менен сырдашып...

Ала-Бука РИИБинин убактылуу кармоочу жайына нөөмөтчү милиция болуп жаңы келген учур. Бир күнү бир шектүү жаран түштү. Эмне болуп түшкөнүн сурайсың да. Көрсө ал 10 жыл мурун бир тууган агасын (ред.; энелеш) өлтүрүп, колу-бутун байлап, райондон 20 чакырым алыстагы сууга алып барып ыргытып жиберген экен. Бул аралыкта кылган кылмышы тууралуу эч кимге айткан эмес. Маркумдун сөөгү эки айдан кийин табылып, ким экени аныкталбай кылмыштын бети ачылбай калыптыр. Колундагы издери алынып, жансыз дене көмүлөт. 10 жылдан кийин кол издери Оштогу базистикалык экспертизадан өткөрүлүп, анын аты-жөнү аныкталат. Ал Ала-Бука районунун тургуну болгон. Ал адамдын үйүнө келип "агаң кайсы жакта деп?" сураганда Орусияда деп коёт. Тергөөчүлөр экинчи ирет суракка чакырганда иниси агасын өлтүрүп алганын моюнуна алып, көрсөтүп берген. Ал учурда анын жанында жүрдүм.

Ал агасы дайыма мас болуп келип, үйүндөгүлөргө тынчтык бербегенден уруша кетип, байкабай өлтүрүп алганын айткан. "Өлтүрөйүн деген оюм болгон эмес. Уруша кетип, милиция бөлүмүнө алып барып каматып келем" деп унаа менен кетип бара жатканда каза болуп калганын билдирди. Коркконунан сөөктү сууга ыргытып жиберген экен.

Ал кылмыштын бети ачылганына сүйүнүп, "үстүмдөн чоң жүк түштү. Эми ыраазымын. 10 жыл кыйналдым" деди. Сотто апасынын, жакындарынын көрсөтмөлөрүнө карап акталып чыккан.

Каарманым элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу максатында ушул кызматка келгенин кошумчалап өттү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2022-10-22 11:58:00
Таштандылар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан