Мен көргөн бир күн: "Өрттөн куткарган бийкечтин акка моюн сунганы өкүндүрөт..."

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларынын бирин баяндайт.

Бул жолу кызыктуу баянды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери айтып беришет.

11 жылдан бери Жалал-Абад облусунун Сузак райондук №65 өрт өчүрүүчү кызматында эмгектенген Адилет Абдукаримов аянычтуу окуяларга көп кабыларын айтат.

"Көздөн жаш акканча сүйүнүп"

Бир жолу жумуш учурунда 15 жашар бала сууга чөгүп табылбай жатат деген маалымат келип түштү. Кыска убакта ыкчам бөлүм менен окуя болгон жерге барып, чөгүп кеткен баланы издей баштадык. Баланын телефону каналдын жээгинен табылгандыктан, биз аны сууга агып кеткен деген ой менен бир күн бою издедик. Тилекке каршы, ал күнү суунун көлөмү көп болгондугуна байланыштуу баланы таба алган жокпуз. Издөө иштери экинчи күнү таң эрте кайрадан башталды, ал күнү да издөө иштери өз нугунда жүрүп жатты. Түштөн кийин бала тирүү жана дени сак Ош шаарындагы туугандарынын үйүндө экендиги жөнүндө кабар уктук. Ошондо көздөн жаш чыкканча сүйүнгөнүбүз эсимде.

"Күйүп кеткен денелерди көргөндө көзгө жаш аласың"

Бир ирет нөөмөт учурунда таңкы саат 5 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда жеңил унаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ окуя катталган жерге барсак, Ош облусунан Жалал-Абад облусуна карай жол тарткан унаа күйүп жаткан экен. Жаман ойдон алыс болуп дароо өрттү өчүрүүгө кириштик. Күйүп жаткан унааны өчүрүп жатып ичинде үч адамдын жансыз денесин байкадык. Ичинде күйүп жаткан адамдардын денесин көрүп көзүбүзгө жаш алып, бул байкуштар кимдир-бирөөнүн баласы, атасы, ага-иниси, кимдир бирөөнү дос-жары, жакын санаалашы деген ой кайгы менен өчүрүп жаттык.

"Кызды өлүмдөн алып калдым деп ойлогом"

ӨКМнын Бишкек шаары боюнча Свердлов райондук №2 бөлүктүн өрт өчүрүүчү куткаруучусу Адилет Самсалиев студент кезинен куткаруу иштерине аралашкам дейт.

Мен ӨКМнын өрт өчүрүү кызматында 2009-жылдан тарта иштейм. Ушул жылдар аралыгында көптөгөн өрт өчүрүүлөргө катыштым, бирок орчундуу жана чоң кырсыктар гана эсте калат экен. Бир жолу иш учурунда Ак-Тилек конушунда унаа күйүп жатат деген маалымат түштү. Биз барган учурда унаа алоолонуп күйүп жаткан экен. Ичинде айдоочусу кошо күйүп жатыптыр. Аны унаадан сууруп чыкканда эле каза болуп калганын билдик. Унаанын арткы орундугунда болжол менен жашы 20дагы бир кыз бар экен. Кызды алып чыкканда ал тирүү экен. Аны дароо “Тез жардам” кызматкерлерине тапшырдык. Мен анын өмүрүн сактап калдык го деп ойлогом. Эртеси жумуштан чыгып, кыздын абалын билүү үчүн ооруканага барып, акка моюн сунганын уктум. Ичим ачышып, кантип мындай болду, биз аны куткарбадык беле деген ой менен бир топко чейин жүрдүм.

"Эки кичинекей баланы өрттөн аман алып калганбыз"

Өрт өчүрүүгө болгон кызыгуу студент кезде эле башталган. Бир жолу Нурбек аттуу досум экөөбүз окуу жайдан үйгө келе жаткан учурда, жол жээктеги эки кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинин ичинен 3-4 жаштагы эки кичинекей бала ыйлап жатканын көрдүк. Алгач биз экөөнү ойноп жатса керек деп ойлодук. Үйдүн ичине кирип барсак үйдө өрт тутанып, бөлмөнү түтүн каптап жаткан экен. Терезени талкалап балдарды сыртка чыгардык. Үйдүн ичи бир заматта түтүнгө толо түштү. Кичине кечиксек балдарды жоготуп алмакпыз. Үйдүн ичиндеги күйүп жаткан буюмдарын өчүрүп чыктык да 101ге чалып үйдү көздөй жөнөдүк. Биз ал кезде көп нерсени капарга албаган жаш болчубуз. Азыр ойлосом чынында адам өмүрүн сактап эрдик кылган экенбиз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suban78
2021-08-18 18:40:44
Азаматтар. Омурунор узун болскн, бактылуу болгула куткаруучулар.
+8
jaz99
2021-08-18 19:25:45
Азаматтар эмгегинер тоодой
+7
Ilim_bek94
2021-08-19 00:45:50
Көп жакшы иштерди жасаганга насип болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан