Мен көргөн бир күн: "Сууга чөктү деген адамды издеп жатсак жаныбыздан сүзүп өтүп кеткен"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларынын бирин баяндайт. Бул жолу 1-июль - Куткаруучулар күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары капитан Мирбек Токоев иш тажрыйбасындагы эсте калган окуясы менен бөлүштү.

- Өткөн жылы август айларында катталган бир окуя бар. Бөлүккө адам чөгүп кетти деген маалымат түшүп, ошонун негизинде биз ГЭС-5 суу сактагычына куткаруучу балдар менен чыкканбыз. Биз барганда орус улутундагы бир аял ушул жерге күйөөм сууга түшүп жатып эле сууга чөгүп кетти деп болжолдуу багытын айтып, көлдүн жээгинен 10-15 метрлик алыстыкты көрсөткөн. Биз издейли деп кайыктарды түшүрүп, суучулдарды кийиндирдик. Чакыруу болжол менен бизге 2-3төрдө түшсө, 10 мүнөттүн ичинде барып издөө иштерин баштадык. Келинчеги көрсөткөн жерине түшө бердик, ары жагынан издейбиз, бери жагынан издейбиз. Күн кирип бараткан учур болуп калды. Күн кирип караңгы болуп калганда издөө иштерин токтотобуз. Анткени суучулдардын коопсуздугун ойлойбуз.
Токтотуп жатканда машинанын сиренасы да күйүп турган болчу. Дагы бир жолу карагыла, табылса табылды, табылбаса издөө иштерин эртең улантабыз деген негизде акыркы жолу суучулдарды сууга киргизели деп жөнөткөнбүз. Кайык менен чөгүп кетти деген жерине улам суучулдар түшүп издеп жатканбыз. Издеп жатканда орус улутундагы бир киши жаныбыздан сүзүп өтүп кеткен. Көрсө ал биз издеп жаткан киши экен. Ал болсо мас абалында сууга кирип, алыстыкка чейин сүзүп барып жээктин аркы бетине өтүп кеткен экен. Аркы бетке сүзүп барып, чарчаганынан жээкке жатып ошо бойдон уктап калат. Биз ал кишини 3-4 саат издедик.
Ал уктап туруп эс алгандан кийин бир аз эсине келет, көзүн ачса эле жээктин аркы бетинде биздин машинанын мигалкалары күйүп турган болот. Аны көрүп ал жакта эмне ызы-чуу болуп жатат деп ал кайра берки жээкке сүзүп өтүп келет. Келгенден кийин келинчеги шок болуп, аны кыйкырып урушуп калды. Барсак ошол киши экен. Көп учурда бизге адам чөгүп кеткен соң маалымат түшөт. Биз ошонун негизинде издеп өлүп калган, жансыз денелерди алып чыгабыз. Бир адамдын жанын сактап калсаң же тирүү табылып калса абдан кубанабыз. 4-5 саат стресс болуп издегениң унутулуп калат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erlan_95
2021-07-02 03:31:33
Ииий, чогуп кетти дегендин баары ушинтсе ээ((((
+10
Erlan_95
2021-07-02 03:31:49
Ушул рубриканы жакшы кором)))
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан