Бүгүн, 21-октябрдан тартып Орусияга барган чет элдик жарандар ПЦР тестинин жыйынтыгын көрсөтүү зарылдыгынан бошотулат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Роспотребнадзордун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 21-октябрынан тартып Орусияга барган чет элдик жарандар ПЦР тестинин жыйынтыгын көрсөтүү зарылдыгынан бошотулган. Ошол эле учурда Орусия Федерациясынын аймагына келгендер үчүн анкета толтуруу талабы сакталууда.
Орусия Федерациясынын коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандары да мекенине келгенде милдеттүү түрдө ПЦР текшерүүдөн бошотулат.