Коңшу Казакстандагы январь окуясында президент Касым-Жомарт Токаевге өлкөдөн чыгып кетүү сунушталган. Бул тууралуу ошол кезде мамлекет башчынын аппаратын жетектеп турган Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов жергиликтүү телеканалга берген маегинде айтты.
"Ага өлкөдөн чыгып, коопсуз жерге кетүүнү ким сунуштаганын так билбейм. Мен сунуш айтылганын гана билем, бирок ким сунуштаганын билбейм", - деген ал.
Кошанов президентке күзөтчүлөрдүн бири киргенин, Акордага кол салуу болушу мүмкүн экенин айтканына күбө болгонун кошумчалады.
"Көз алдымда болгон бир окуяны айтып берейин. Алматыда, аймактарда тополоң башталганда мен президенттин аппаратында болчумун, бир коопсуздук кызматкери кирип: “Урматтуу президент, Акордага кол салуу болушу мүмкүн, сизди коопсуз жайга алып барышыбыз керек" деди. Туура, бул алардын жумушу болчу. Бирок мен ошондо президентти башкача көрдүм. Ал абдан катуу жооп берип, “Мен эч жакка барбайм, эмне болсо да ушул жерден көрөм” деп жооп берди", - деп кошумчалады Кошанов.
Анын айтымында, январь окуясында Токаев 10 күн Акордадан чыккан эмес.