Супер фактылар: Дарбыз даамдуу күлгүн кызыл кардын мекени кайсы жер экенин билесизби?

Дарбыз даамданган күлгүн кызыл түстүү кар тууралуу уккансызбы? Мындай өзгөчө табигый кубулушту Калифорнияда (АКШ) жайгашкан Сьерра-Невада тоолорунан көрүүгө болот.

Мындай кар жааган убакта дем алганда чындап эле дарбыздын жыты келет. Ал эми даамы да кадимки эле дарбыздыкындай.

Анын сыры кардын курамындагы микроскопиялык Chlamydomonas nivalis балырларынын эбегейсиз көп санда болушу менен түшүндүрүлөт. Дарбыз даамданган кардын ар бир сантиметринде мындай балырлардын миллиондогон бөлүкчөлөрү болушу мүмкүн жана тереңдиги 25 сантиметрге чейин жетет. Ал эми балырлар күндүн ультрасыя нурларынын таасирине кабылганда күлгүн кызыл түсү пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан