Бүгүн, 25-октябрда Казакстан Республика күнүн белгилейт. Бул тууралуу казак басылмалары маалымдайт.
Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык (2022-жылдын 29-сентябрындагы) 25-октябрь Республика күнү катары улуттук майрам болуп белгиленген.
Ал эми 16-декабрда мамлекеттик майрам - Эгемендүүлүк күнү белгиленет.