Германиянын президенти күтүүсүздөн Киевге барды

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер бүгүн, 25-октябрда күтүүсүз иш сапары менен Киевге барды. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Бул анын Орусиянын аскерий операциясы башталгандан бери Украинага жасаган биринчи сапары. Штайнмайердин Украинанын президенти Володимир Зеленський менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Германиянын президенти үчүнчү аракети менен Украинага келди. Алгач анын сапары 12-апрелге белгиленген, бирок ошол эле күнү Украинанын демилгеси менен токтотулган. Экинчи сапар 20-октябрга пландалган, бирок Орусия тараптан аткылоо күчөгөндүктөн коопсуздук үчүн токтотулган.

Германиянын президенти Украинага аскердик жактан дагы жардам бериши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан