Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Украинага болгон иш сапарынын алкагында ирис гүлүнүн гүлдестеси тартууланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бул белек менен Киевдин өкүлдөрү Германияга IRIS-T аттуу абадан коргонуу системаларын Киевге берүүсүн кыйыткысы келгени айтылды. Германиянын президенти Украинага поезд менен барган. Аны темир жолдон эле ирис гүлдестеси менен тосуп алышты.
Штайнмайер Украинага бүгүн, 25-октябрь күнү эртең менен барды.