Испанияда "Барселона" жана "Реал" клубдарынын беттешинде стадиондо өзүн жардырууга даярдык көргөн жанкечтиге карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, сот аны 3 жылга эркинен ажыратты.
"Жан кечти 2020-жылы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кирген. Ал "Барселона" жана "Реал" клубдарынын беттешинде стадиондо өзүн жардырууга даярдык көрүп жаткан жеринен полиция тарабынан кармалган. Ал кармалган учурда спирт ичимдигин ичип алганы аныкталган. Тергөө иштеринен кийин аны сот 3 жылга эркинен ажыратты", - деп жазылат маалыматта.