Бразилиядагы президенттик шайлоодо Жумушчулар партиясынын лидери, Бразилиянын экс-президенти Луис Инасио Лула да Силва жеңди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка ылайык, 30-октябрдагы шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 100 пайызын эсептөөнүн жыйынтыгында Лула да Силва 50,9 пайыз добушка ээ болду. Эми ал өлкөнү 2023-2027-жылдар аралыгында үчүнчү жолу башкарат. Ал эми анын атаандашы, азыркы президент Жейр Болсонаро үчүн шайлоого келгендердин 49,1 пайызы добуш берди.
Луланын Болсонародон артыкчылыгы дээрлик 2,14 миллион добушту түздү. Жекшембидеги шайлоого жалпысынан 156,4 миллион шайлоочунун 118,55 миллиону катышты.
Лула да Силва 77 жашта. Ал 2003-жылдан 2010-жылга чейин эки мөөнөткө Бразилиянын президенти болгон. 2018-жылы коррупциялык иш боюнча соттолуп, бир жарым жыл абакта отурган, бирок 2021-жылы ага коюлган айыптар алынган.