АКШ менен Түштүк Корея тарыхтагы эң ири биргелешкен аскердик машыгууларын баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Кыраакы бороон" деп аталган аскердик операция 31-октябрдан 4-ноябрга чейин созулат жана ага 240ка жакын согуштук учактар катышат. Бул сан жыл сайын өтүүчү иш-чаранын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.
Бул аскердик операцияны тараптар 2017-жылдан бери биринчи жолу өзөктүк сыноолорду кайра баштоого даярдык көрө баштаган Түндүк Кореядан келе турган потенциалдуу коркунучтарга каршы туруу үчүн зарыл деп эсептешет.
Ошол эле учурда Пхеньян биргелешкен машыгууну Вашингтон менен Сеулдун душмандык саясатынын далили жана басып алуу үчүн даярдык катары айыптады.