Мен көргөн бир күн: "Батир ичинде аялдын колу-бутун скотчтоп салышкан"

SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусундагы Ат-Башы РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын капитаны Нурбек Муканов кызмат учурундагы эсте калган окуялары менен бөлүшөт.

Нурбек Муканов 1979-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Андан соң ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда билим алган. 2022-жылдын октябрь айынан бери Ат-Башы РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарым өкүлү болуп эмгектенип келет.

Муканов укук коргоо органында жалпылап алганда 20 жылдай иштеген, бирок ортодо үзгүлтүк болгон жылдар бар экенин айтат.

"Район аймагында акыркы учурда соцтармактар аркылуу алдамчылык фактылары көп катталып жатат" деген Муканов Бишкектин Октябрь райондук күзөт бөлүмүндө кызмат өтөп жатканда эсте калган окуясын мындайча баяндады.

"62 жаштагы жалгыз жашаган аялды тоноого алышкан"

– 2012-жылы эртең мененки саат 7:00 чамасында коопсуздук сигналы иштеп калды. Көп кабаттуу үйдүн эшигине 60-62 жаштардагы аялды төрт бала бет тарабына уруп, кайра үйгө сүйрөп киришкен экен. Бизге кабар келип, кызматкерлерибиз барышып, айдоочу сыртта калып, калган экөө 7-кабатка чыгышат. Эшикти тыкылдатса ачпай коюшат. Алар аялдын оозун скотчтоп, столго отургузуп, буту-колун дагы скотч менен ороп салышкан экен. Батир ичин аңтарышып, 500 доллар, 50 миң сом жана зер буюмдарын алып 7-кабаттан 6-кабатка балкон аркылуу секиришет. Анан ал жерде да тургундун телефонун алышып, сыртка чыгууга аракет кылышат. Биз барганда айдоочу подъезддин эшигин түртүп, шектүүлөрдү чыгарбай туруптур. Биз барып үчөөнү ал жерден кармадык. Бирөөсү көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып кетиптир. Ал жактан аны кармап түштүк. Жабыркаган аялдын көз тарабына чаап салышкан экен. Ал үйдө жалгыз жашаганы, университеттердин биринде иштегени аныкталган. Бул эмгегибиз үчүн Ички иштер министринин грамотасы менен сыйланганбыз.

"Дайынсыз жоголгон аял сарайдан табылып"

– Былтыр аймактан 45 жаштардагы аял дайынсыз жоголуп, издеп калдык. Психикалык жактан жабыркайт экен. Апасы менен турарын аныктадык. Аны 5-6 күндөн кийин аман-эсен сарайдан тапканбыз. Сурасак жалгыздыкты каалап, өзүнчө болгусу келгенин айткан. Жанына бөтөлкөгө суу, конфет, печенье алып алыптыр. Мурун дагы дайынсыз жоголуп, Бишкектен табылган экен.

Жоголду делген жылкыларды ээси таап алганда

– 2022-жылы декабрь айында тургун "бир үйүр жылкым жок" деп бизге кайрылып калды. Арызды кабыл алып, издөө иштерин баштап калганбыз. Бирок өзү таап алып, кайра байланышка чыккан. Буга окшогон окуялар көп эле кайталанып турат. Тургундардын көпчүлүгү малы жоголсо бир топ убакыт өткөн соң кайрылышат.

Милициянын капитаны сөзүн жыйынтыктап жатып район аймагында кылмыштуулуктун саны аз катталарын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан