SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин тергөөчүсү Талант Атантаев айтып берет.
Абактан чыгып үйлөнгөн кыз-жигит
Арыз менен жаш кыз кайрылып калды. Карасам интернет аркылуу бала менен таанышып, алданып калганын жазыптыр. Кыз бала менен социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүрүп, акыры экөө жолугушмакчы болушат. Бала аны кадимкидей кафеге чакырат. Жабырлануучу кафеге келип, баланы күтөт. Акыр аягы тамагын жеп, акчасын төлөп кетейин деп жатканда бала телефон чалып, жумуштан бошобой келе албай калганын, болгондо дагы Октябрь РИИБинде иштей турганын айткан. Анан ал кызга такси чакырып берип, Октябрь РИИБине келүүсүн, ошол жерден телефонун бир документти сүрөткө тартып алыш үчүн берип турушун аны жардамчысы келип аларын, андан соң телефонду өзү алып чыгарын айтат. Кыз ошого дагы макул болуп РИИБге келет.
Кыз телефонун берип коюп күтүп тура берет. Аны жардамчысынын ролун аткарган башка таксист алып кайра телефонду "Ош базарына" башка таксиге салат. Ал таксист аны бир кызга жеткирет. Кыз аны "Ош базарындагы" баланын досуна берип, ал телефондорду сатып, акчанын жарымын өзүнө, жарымын кызга берип турган. Кыз акчага азык-түлүк, кийим кече алып абакта отурган балага жеткирип турган.
Абактагы адамга телефон жеткирип турган кыз дагы ушундай жол менен таанышып калган. Бирок анын телефонун алдап алган эмес. Болгону акыркы жолу деп дагы бир кыздын телефонун тартып алып, "Ош базарына" жеткирип бара жатканда кызга ал чындыкты айткан. Ошондо ал телефонду алып баргандан баш тарткан.
Биз ошол телефон ташыган кызды кармап камакка алганда түрмөдөгү бала ачыкка чыгып, катталган 28 фактынын баарын моюнуна алган. Кызга бир факты менен иш козголуп соттолуп кеткен. Кийин экөө тең абактан чыгып үйлөнүп азыр деле жашашса керек. Шектүү 18ден 21 жашка чейинки кыздарды кылтагына түшүргөн. Алданган кыздардын баары сулуу, татынакай. Таң калганым кылмышкер кыздарды коркпой Октябрь РИИБинин алдына чакырып алып, кылмышты кылганында.
Бир кызды эки жолу ала качып соттолуп кетти
2019-жылы кыз менен жигит Бишкек шаарында таанышып калышкан. Сүйлөшүп жүрүшкөндө бала кызды ала качып Нарынга алып келишет. Кыз отурбай, жигиттин ата-энеси кыздын жакындарына телефон чалып, сүйлөшүшөт. Ага чейин кыздын апасы милицияга арыз жазып кеткен. Кыз баланы жакшы көрөрүн, бирок ата-энеси каршы болорун айтып үйүнө жеткирип коюуну айткан. Эртеси кызды Нарындан алып келип эжесинин үйүнө жеткирип беришкен. Бирок ошол эле күнү кайра кызды ошол эле бала ала качкан.
Милицияда иш козголуп, баланы кармаганбыз. Бала 7 жылга соттолуп кеткен. Кыз кийин тосмо арыз жазды, бирок ал кеч болуп калган. Кыз азыркы учурда башка бирөөгө турмушка чыккан. Жакында эле телефон чалып бул арыз менен мени чакырбаңыз деп кайрылды.