SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу "Мен көргөн бир күн" рубрикасында Улуттук госпиталдын "Ичеги-карын жана бездер хирургия" бөлүмүнүн дарыгер-хирургу Абдулла Матмуратов жумушундагы кызыктуу окуяларын баяндайт.
Каарманыбыз 1993-жылы Баткен облусунун Лейлек районунда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз - Орус славян университетинин медициналык факультетин 2010-2016 жылы кызыл диплом менен аяктаган.
2016-жылы ординатура программасы боюнча Улуттук госпиталга келип, ошол убакыттан бери ушул жерде эмгектенип келүүдө.
Матмуратовдун медицина тармагындагы эң алгачкы эмгек жолу 1-курсунда башталган. Ал Чүй облустук бириккен ооруканасында медбрат болуп иштеп баштаган.
Учурда Улуттук госпиталда штатта дарыгер-хирург болуп эмгектенет. Ошондой эле ал Эл аралык жогорку медицина мектеби окуу жайында Хирургия оорулары кафедрасында чет өлкөлүк студенттерге англис тилинде хирургия боюнча сабак өтөт.
"Эми жумуш учурундагы кызыктуу окуялардан айтып бере турган болсом. Жакында эле 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 килограмм салмактагы чач алып чыктык. Операция 2,5-3 сааттын тегерегинде болду. Ал кыз менин оюмча чачтын баарын кичинекей кезинен өзүнө байкабай жутуп келген. Анан такыр тамак жей албай калганы үчүн дарыгерлерге кайрылган.
Учурда ал бейтаптын абалы жакшы. Бейтапканадан мындан он күн мурда чыгарылды. Баары жакшы өттү. Ден соолугунда эч кандай кыйынчылыктар болгон жок", - деп айтып берди каарманыбыз.
Ошондой эле ал Улуттук госпиталда нөөмөт учурунда ар кандай арбын кызыктуу окуялар болорун айтып, жүрөккө операция жасаганын да белгилеп өттү.
Мындан тышкары каарманыбыз Баткендеги каргашалуу окуяларда жабыркагандарга операция жасагандыгына токтолду.
"Акыркы Баткендеги окуялар болгондо 5 күн бою үйгө барбай, октон жараат алгандарга күнү-түнү операция жасаганбыз. Бишкектен Баткенге барган дарыгерлер биринчи жардамын берип, анан бизге жиберишкен. Биз бул жакта аларды толук айыктырганга болгон күч-аракетибизди жумшаганбыз.
Кудай буюрса, ал күндөр да артта калды. Кичи мекенимде ар дайым тынчтык болсун деп тиленем", - деп кошумчалады дарыгер.
Абдулла Матмуратов 2021-жылы Улуттук госпиталдын "Мыкты хирург" наамына ээ болгон. Ал бир эле мединица тармагында алектенбестен спорт жаатында да өзүн сынап көргөн. Тагыраак айтканда, спорттун Эл аралык каратэ түрү боюнча кара курдун ээси болуп, Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусунун расмий эмес жардамчысы. Өзү жаш болсо да, аз убактагы тажрыйбасында көптөгөн ийгиликтерге жетишип, ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт.
Үй-бүлөлүү, жубайы Жазгүл Матраимова менен 2013-жылдан бери түтүн булап келе жатат. Жубайы акушер-гинеколог. Алар бир кыз, бир уулдун ата-энеси.