Мен көргөн бир күн: "Дарбазадан киргенде эле кан. Коркуп кеттим"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.

Бул жолу кызыктуу баянды Октябрь РИИБинин тергөөчүсү Айзура Сүйүнтбек кызы айтып берет. Ал 1991-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Учурда милициянын капитаны.

"2016-жылдын башы. Нөөмөттө тургам. Таңга маал чакыруу келди. Унаа толук күйүп кеткен, ичинде кишилер болушу мүмкүн экени айтылды. Окуя Кантта болгон. Барсак машинанын эч нерсеси калбай күйүп кетиптир. Жерде номери эле жатат. Номерин текшерсек Канттагы айылдардын бириндеги кашарда жашаган абышкага таандык болуп чыкты. Анан ошол үйгө жөнөдүк. Дарбазадан киргенде эле кан. Мен коркуп кеттим.

Үйгө киргенде ашканада бир киши жатат. Өлгөн эмес, бирок катуу сабалган. "Тез жардам" чакыртып дароо ал кишини салып бердик. Ошону менен биз үч күн уктабай кылмыштын бетин ачтык.

Көрсө абышканын үйүндө иштеп жүргөн балдар андан акча сурашат. Бирок бербей койгондон улам алар карыяны көзөгүч менен башка чаап, үйдөн акча издешкен. Анан акча таппай анын унаасын айдап чыгышкан. Андан ары машинаны эмне кыларын билбей, өрттөп жиберишкен. Ошону менен карыя ооруканада көпкө жатты. Акыры ал ошол жакта каза болду. Мен дагы көп бардым. Ал эми балдар камалып кетти. Ошентип бир адамдын өмүрүн бир нече күнгө болсо дагы сактап калганбыз".

Тергөөчү айым милиция кызматкери болуп иштегенине сыймыктанарын айтат.

"2020-жылы Бишкекте жер жайнаган курал-жарак табылып аябай талкуу болгон. Анда да таңга маал милициянын кайгуул кызматы бир кичине баланы алып келишти. Эмнеге алып келдиңер десек жанынан автомат табылды дешти. Биз өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясын жана социалдык кызматкерлерди чакырып, өспүрүмдү суракка алдык. Ал бизге жашаган жерин көрсөтүп бере ала турганын айтты. Ошону менен мен калып, башкалары кетишти. Кайра эле алар менин дагы баруумду суранышты.

Барсам баланын ата-энеси жашаган үйдөн дагы курал табылды. Ага экспертизага дайындап, кечке маал баланын атасы жана байкеси кармалды.

Көрсө алар чогуу мергенчиликке чыгышыптыр. Анан тиги экөө арак ичип, мас болуп калганда баланы такси чакырып кел деп жөнөтүшкөн экен. Ал көчөгө чыгып такси таап келет. Бирок таксист тиги эки кишиден куралды көргөндө коркуп кетип, баланы салып алып кайгуул кызматына келиптир.

Анан шектүүлөр куралды гараждан алышканын айтып калышты. Тинтүү жүргүзсөк куралдын бардык түрү, автомат, тапанча, бычак, кылыч чыкты. Анын баарын жайып алып 3-4 күн текшерүү жүргүздүк. Көптүгүн айтпаңыз. Ошентип алар кармалып учурда соту болуп жатат", - деди ал.

Бирок тергөөчү айым курал-жарак кимге тиешелүү болгонун тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтуудан баш тартты.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Afrodita1993
2021-04-02 08:59:38
айтып бергендери "Кара көз" (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяандаган сериял) га окшош экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан