Кечээ, 31-октябрда Шанхайдагы Диснейлендге көңүл ачууга барган миңдеген адамга COVID-19 эпидемиясынан улам оюн-зоок комплексинен чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазат.
Андагы маалыматка таянсак, парктагы бардык адамдарга ПЦР-тестинен өтмөйүнчө ошол жерде калууга буйрук берилди. Бул дем алыш күндөрү Шанхайда коронавирустун 30 учуру катталгандан кийин болду.
Кытайдын WeChat социалдык тармагындагы билдирүүгө ылайык, Шанхай өкмөтү Диснейлендге кирүүгө тыюу салынганын жана анын ичиндегилер тесттин терс жыйынтыгын алгандан кийин гана кете аларын билдирди.
Ошондой эле 27-октябрдан бери паркка келген ар бир адам үч күн катары менен ПЦР-тестинин үч терс жыйынтыгын тапшырышы керектиги айтылат маалыматта.