Костромада түнкү клубдагы өрттүн кесепетинен 13 адам каза болду

Орусиянын Кострома шаарында түнкү кафедеги өрттүн кесепетинен 13 адам каза болду. Жабырлануучулардын саны 15ке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, өрт түнкү саат үч жарым чамасында башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, "Полигон" түнкү клубуна келгендер мушташып, алардын бири пиротехника колдонгону өрттүн чыгышына себеп болгон.

Кырсыктын кесепетинен аталган аймактан 250 адам эвакуацияланган.

Ал эми пиротехникалык каражатты колдонгон адам качып кеткен. Учурда милиция аны издеп жатат.

Костромада түнкү кафедеги өрттүн кесепетинен 13 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан