ЖЫЛНААМА, 8-НОЯБРЬ: КВНдин эл аралык күнү

2001-жылдын 8-ноябрынан тарта Орусия жана КМШ өлкөлөрү Эл аралык КВН күнүн белгилей баштаган. Майрамды өткөрүү сунушу КВН Эл аралык клубунун президенти Александр Масляков тарабынан сунушталган. Эл аралык КВН күнү БУУнун бүткүл дүйнөлүк майрамдарынын реестрине кире элек болгондуктан, Орусиянын расмий майрамы болуп эсептелбейт. Бул күнү Орусияда жашына, кесибине, социалдык абалына карабай, мурда ойноп жүргөн КВНчилер дагы көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулашат. Айтмакчы, Юлий Гусман, Геннадий Хазанов, Леонид Якубович, Аркадий Хайт, Татьяна Лазарева, Михаил Шац, Алексей Кортнев, Тимур Батрутдинов, Михаил Галустян, Гарик Мартиросян өңдүү орустун белгилүү инсандары мурунку КВНчилер.
Азыркы КВН оюндары “Шаңдуу суроолордун кечеси” аттуу программа менен журналист С.Муратовдун идеясы жана демилгесинен улам пайда болуп, 1957-жылдан баштап эфирге чыга баштаган. Көрсөтүүдө көрүүчүлөр алпаруучулардын тамашалуу суроолоруна жооп беришкен. Бирок аталган программа 3 жолу гана эфирге чыккан. Алып баруучусу 3-көрсөтүүдө көрүүчүлөргө кийинки программада студияга ким шуба, шапка жана кышкы бут кийим кийип, өткөн жылдын 31-декабрында басылып чыккан гезитти алып келсе, аларга байге берилет деп сөз берген. Жай мезгили болгонуна карабай, бардык көрүүчүлөр кышкы кийимдери менен келишкен. Студияга кишилердин жоон тобу кирип, ызы-чуу жаралып, түз эфир токтотулган. Бул окуядан соң аталган телекөрсөтүү жабылып калган.
4 жылдан кийин 1961-жылы 8-ноябрда мурунку “Шаңдуу суроолордун кечеси” телекөрсөтүүсүнүн жаратуучулары “Шайырлар жана тапкычтар клубун” негиздешип, анын алпаруучусу болуп Александр Масляков дайындалган. КВН командалары оюндарда көбүнчө Советтик идеология менен байланышкан тамашаларды аткарышкан. Ошондуктан көрсөтүүнү түз эфирде эмес, кээ бир жерлерин кесип, кийинчерээк эфирден коюшкан. Совет бийлигинде цензура күчөй баштаганда 1971-жылы программаны жаап салышкан. КВН 1986-жылы Орусияда кайрадан жанданып, анын алпаруучусу мурункудай эле А.Масляков болгон. КВН оюндары Орусияда гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө, Батыш Европада, Израилде жана АКШда дагы көрсөтүлүп келет. КВНде жашка, кесипке, улутка карабай, бардык адамдар оюнчу боло алышат. КВН эфирге чыга баштагандан бери Орусиянын телекөрсөтүүсүндөгү рейтинги жогору программалардын катарын толуктайт.
8-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан