Тайвандын президенти Кытай аралга өтө чукул арада басып кирерин жарыялады

Жарым-жартылай таанылган Тайвандын президенти Цай Инвэн Кытай жакын арада аралга басып кире тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу ал америкалык The Atlantic басылмасына билдирген.

"Бул жөн эле сөз эмес, учурда аралда чыныгы коркунуч бар", - деген саясатчы.

Анын айтымында, Кытай тараптан агрессивдүү аракеттер болгон учурда Тайвань Батыштын колдоосуна муктаж болот. Ал арал басып алуу аракеттерине каршы даярданышы зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Цай Инвэн Кытай бийлиги Тайвань кысыгын акырындап көзөмөлгө алып жатканын белгиледи. Келечекте бул аралды толук блокадага алып келиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан