Коңшу Казакстандын Жаркент шаарында 24 жаштагы жигит кызганычтан улам сүйгөн кызынын үйүн өрттөп салды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, аймактык полицияга 60 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызында белгисиз жаран үйүн өрттөп кеткенин, мындан улам 25 миллион теңге өлчөмүндөгү материалдык зыянга учураганын билдирген.
"Оперативдүү издөө иш-чараларынын жүрүшүндө атайын өрт коюуга негиздүү деп шектелген 24 жаштагы жергиликтүү тургун аныкталды. Кылмышка шектүү бул үйдө жашаган кызды тааныйт. Кыз анын телефон чалууларына жооп берген эмес. Буга шектүүнүн ачуусу келип, сүйгөн кызын кызганып, андан соң ал үйгө тымызын кирип, ичинен өрттөп жиберген. Өрт чектөөгөалынып, кошуна үйлөргө жана турак жайларга өтүп кетүүсүнө бөгөт коюлган", - деп айтылат полициянын маалыматында.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.