Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдун Истиклал көчөсүндө жардырууну уюштурган шектүү кармалганын билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
"Бомбаны койгон адам Стамбулдун полиция башкармалыгы тарабынан кармалды. Ага чейин дагы 21 адам кармалган болчу", - деди Сойлу.
Маалыматка караганда, жардырууну уюштурууга шектелген жаран аял киши. Кармалган жарандын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги айтылууда.
Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын айтымында, жекшемби күнкү жардыруудан кеминде 81 киши жарадар болуп, 6 адам набыт кетти. Жардыруудан төрт аял, анын ичинде тогуз жашар кыз жана эки эркек каза болгон.
Кийинчерээк Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа террордук кол салууда жарадар болгон 81 адамдын 39у ооруканадан чыгарылганын билдирди. Калган 42 адамдын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатса, экөөнүн абалы оор экендиги айтылат.
Белгилей кетсек, жардыруу кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20 чамасында Стамбулдун Бейоглу районунда болгон.