АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын 29 жаштагы кичүү кызы Тиффани 25 жаштагы нигериялык (теги ливандык) миллиардер Майкл Булоско турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, үлпөт той Трамптын Палм-Бичтеги хансарайында өттү.
Майкл Булос жубайына баасы миллион доллардан ашкан 13 караттык бриллиант шакек белек кылганы айтылат.
Эске салсак, Тиффани өткөн жылдын башында ливандык бизнесменге турмушка чыгаарын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөгөн.