Манасчы Рысбай Исаков Ош шаарынын "Ардактуу атуулу" болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Рысбай Исаков Ош шаарынын "Ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Ооматты билип салмактап,

Ош шаары тосту ардактап.
Ободон тилейм шүгүрлүк,
Оолугуп кетпей дардактап!" - деп жазып калтырган манасчы.
Белгилей кетсек, Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча "Дүйнөлүк гиннесстер китебине" 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталган болчу.
"Дүйнөлүк гиннесстер китебине" катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк "Гиннесстер китебинин" Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннесстин күбөлүгүн тапшырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан