Өзбекстан Кыргызстандын чек арасына жакын жашаган 130дай үй-бүлөнү көчүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жыйында билдирди.
"Албетте, айрым жерлерден элди көчүрүүгө аргасыз болобуз. Биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча 130 үй-бүлөнү көчүрүү пландалууда. Компенсация үчүн болжол менен 50 миллиард сум талап кылынат. Бул болжолдуу сумма", - деди ал.
Анын айтымында, чек ара аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоодон кийин чек арадан 50 метр алыстыкта коргоо тилкеси жана эки катар тосмолор орнотулат.
Кечээ, 14-ноябрь күнү Өзбекстандын депутаттары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын айрым тилкелери боюнча жана Кемпир-Абад боюнча келишимдин долбоорун ратификациялады.