Чоң жыйырмалыктын саммитине катышкан өлкөлөрдүн айрым лидерлери Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүрөткө түшүүдөн баш тартышкандыктан быйыл салттуу чогуу сүрөткө түшүү болбойт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
"Индонезия өкмөтү айрым лидерлер Лавров менен сүрөткө түшүүдөн баш тартканын билдиргендиктен саммиттин ачылышындагы салттуу сүрөт тартылган жок", - деп жазылат маалыматта.
Владимир Путин саммитке бара албагандыктан, анын ордуна Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда. Иш-чарага G20га кирбесе дагы Украинанын президенти Володимир Зеленський дагы чакырылган.