Кечээ, 15-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих аймагында жарылуу болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалыматта айтылгандай, окуя Стамбулдун тарыхый борборунда болгон. Анда токтоп турган үч унаа күйүп кеткен. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.
Түркиянын кооз жерлери жана маданий баалуулуктарынын көбү ошол жерде жайгашкан.
Буга чейин 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районунда жардыруу болуп, алты адам каза болгон.