Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге таандык "Елбасы" фонду Түркиянын Анталия шаарында жайгашкан Rixos Beldibi мейманканасын мамлекеттин менчигине өткөрдү. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Назарбаевдин фонду мейманкананы Казакстан Республикасынын президентинин аппаратынын карамагына өткөрүп берген. Мейманкананын курулушуна болжол менен 1 миллиард 700 миллион теңге (11 миллион доллар) инвестицияланган.
Былтыр жазында Казакстандын өкмөтү Экономиканы монополиядан арылтуу боюнча комиссия түзүп, андан кийин айрым активдердин мамлекеттин менчигине өткөндүгү тууралуу маалыматтар чыга баштаган. Маселен, апрель айында биринчи президенттин жээни Кайрат Сатыбалдыга тиешелүү “Казактелекомдун” 28,8 пайыз акциясы мамлекеттин карамагына өткөн.